Work

Түштүк Кыргызстандагы 35 Жаштан Жогорку Аялдардын Репродуктивдүү Системасынын Бузулушуна Экологиялык, Өндүрүштүк Факторлорунун Таасирин Изилдөө

Year: 2024
Type: article
Abstract: Бул макалада отуз беш жаштан жогору жана улгайган аялдардын репродуктивдик системасынын бузулушуна өндүрүштүк жана экологиялык факторлордун таасири, ошондой эле Кыргыз Республикасынын түштүк регионундагы улгайган аялдардын ден соолугунун жакшырышы, анын ичинде кош бойлуу жана төрөт учурундагы кыйынчылыктарды жана түйүлдүктүн антенаталдык өлүмүн изилдөө каралат. Экологиялык жана өндүрүштүк факторлордун жалпы организмге, анын ичинде аялдардын репродуктивдүү системасына тийгизген таасирин изилдөө учурда медицина тармагында артыкчылыктуу деп эсептелинет. Макалада Айдаркен шаарынын 2019-2022-жылдардагы топурактагы сымап, метилсымап, мышьяк жана сурьманын орточо көлөмү, жалпы организмге тийгизген таасири, ошондой эле бул заттардын кош бойлуулукка, төрөткө жана түйүлдүктүн антенаталдык өлүмүнө тийгизген таасири жөнүндө маалыматтар жана жалпы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун отчеттору келтирилген.
Language: Kyrgyz
Open Access status: diamond
OpenAlex ID: W4400301756
FWCI: 0.639
Cites: 2
Cited by: 4
Related to: 10