Year: 2025
Type: article
Abstract: Бул макалада ишканалар үчүн каржылык ресурстарды пландоонун ыкмалара жана каражаттары анализделинин каралды. Макаланын негизин ишканалара үчүн каржылык ресурстары жана аларды пландоо каражаттарына болгон анализдер түзөт. Каржылык пландаштыруунун жана болжолдоонун колдонулуп жаткан ыкмаларынын бири дагы пландаштыруунун так натыйжасын бере албайт. Компаниянын менеджерлеринин ар кандай пландаштыруу ыкмаларынын, тажрыйбасынын жана интуициясынын айкалышы гана ишенимдүү каржылык планды иштеп чыгууга жана узак мөөнөттүү келечекте компаниянын гүлдөп өсүшүнө жетишүүгө мүмкүндүк берет. Мамлекетибиздин учурдагы экономикалык абалына карата келечекке пландарды иштеп чыгуу үчүн, ишкананын башкаруучулары тарабынан ишкананын каржылык абалына, ошондой эле азыркы шарттарды ишкананын ишмердүүлүнүн багыттарына анализ жасоо, баа берүү жана аны пландаштыруу зарыл. Изилдөөнүн натыйжасында каржылык ресуртарды пландаштыруу жана колдонуу каражаттары боюнча эффективдүүлүктү жогорулатуучу мүмкүнчүлүктөр сунушталган.
Institution: Osh State University
Language: Kyrgyz
Subfield: Accounting
Domain: Social Sciences
Open Access status: bronze
OpenAlex ID: W4416508136
