Year: 2026
Type: article
Abstract: Макалада өндүрүштүк ишканалардын каржылык ресурстарын башкарууну оптималдаштыруу маселелери каралды. Заманбап экономикалык шарттарда ишканалардын туруктуу иштеши жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү алардын каржылык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу деңгээлине түздөн-түз байланыштуу. Изилдөөнүн негизги максаты – өндүрүштүк ишканаларда каржылык ресурстарды башкаруунун теориялык негиздерин талдоо жана аларды оптималдаштыруунун натыйжалуу усулдарын аныктоо болуп саналат. Изилдөөдө системалык талдоо, салыштырмалуу анализ, экономикалык-статистикалык усулдар жана моделдөө ыкмалары колдонулду. Макалада каржылык ресурстарды башкаруунун классикалык жана заманбап концепциялары каралып, ишкананын финансылык туруктуулугун жогорулатууга багытталган оптималдаштыруу механизмдери сунушталат. Ошондой эле өндүрүштүк ишканаларда каржылык агымдарды рационалдуу башкаруунун негизги багыттары жана алардын натыйжалуулугун баалоо көрсөткүчтөрү талданат. Изилдөөнүн жыйынтыктары өндүрүштүк ишканалардын финансылык стратегиясын өркүндөтүүгө жана ресурстарды пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтөт.
Institution: Osh State University
Language: Kyrgyz
Subfield: Accounting
Domain: Social Sciences
Open Access status: bronze
OpenAlex ID: W7154607883
