Work

Шаардык Экосистеманы Башкарууда Жашыл Өсүмдүктөрдү Идентификациялоонун Жана Гео-каттоонун Ролу

Year: 2026
Type: article
Abstract: Макалада шаардык экосистеманы башкарууда жашыл өсүмдүктөрдү идентификациялоонун жана географиялык координаталары боюнча каттоонун мааниси каралат. Дарактарды санариптик инвентаризациялоонун методикасы, уникалдуу идентификациялык номерлерди ыйгаруу, морфометриялык көрсөткүчтөрүн жана санитардык абалын каттоо, маалыматтарды геомаалыматтык системаларда көрсөтүү ыкмалары талданат. Изилдөө Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин №1 Колледжинин окуу корпусунун артындагы жашыл аймакта жүргүзүлүп, 19 дарак жана бадал өсүмдүгү каттоого алынган. Өсүмдүктөрдүн бийиктиги, сөңгөгүнүн жоондугу жана санитардык абалы боюнча маалыматтар системалаштырылып, Google My Maps платформасында санариптик карта түзүлгөн. Google My Maps жана QGIS программаларын пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрү каралып, QR-коддор аркылуу дарактардын электрондук паспортторуна жетүүнү уюштуруу сунушталган. Алынган натыйжалар санариптик каттоо жашыл фонд жөнүндө маалыматтарды системалаштырууга, дарактардын абалын мониторингдөөгө жана жашыл аймактарды башкарууну өркүндөтүүгө методикалык негиз түзөрүн көрсөтөт
Language: Kyrgyz
Open Access status: diamond
OpenAlex ID: W7225568191
FWCI:
Cites: 2
Cited by:
Related to: 10